Кара-Сууда тааныштарынын урушун токтотууга ниеттенген жигит ооруканага түштү
RU

Кара-Сууда тааныштарынын урушун токтотууга ниеттенген жигит ооруканага түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Сууда жигиттер урушуп, экөө ооруканага түштү. Бул тууралуу редакцияга Ош ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-майда таңкы 05:43 чамасында Савай айылынын 28 жаштагы Т. Б. аттуу тургуну денесинен жаракат алып, мас абалда Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылган. Бул боюнча Кара-Суу РИИБине билдирүү түшкөн.

Андан тышкары 6-майда саат 08:57 чамасында Савай айыл аймагынын 30 жаштагы А. уулу Н. аттуу жашоочусу учтуу нерседен жаракат алып Нариман айыл аймагындагы жеке ооруканага барган.

Бул маалыматтар каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

30 жаштагы бейтаптын жаракатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал өз көрсөтмөсүндө, 5-майда түндө Ош шаарынан Кара-Сууга келгенин, анда көп кабаттуу үйдүн алдында тааныштары урушуп жатканын көрүп, арачага түшмөкчү болгонун айткан. Урушуп жаткандардын бири буга ачууланып, көзүнө бир нерсени сээп, андан кийин сол бутунун санына бычак сайып жибергенин билдирип, Т.Б. аттуу таанышына карата арыз жазган.

Учурда күбөлөрдү аныктап, табуу боюнча амалдар аткарылууда дешет милициядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12080