Акча талап кылып, мейманкананын эшик, айнектерин талкалаганга шектүү кармалды
RU

Акча талап кылып, мейманкананын эшик, айнектерин талкалаганга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош унаа жолундагы мейманкананын эшик, айнектерин талкалап, акча талап кылганга шектүү кармалды. Жалал-Абад ОИИБден редакцияга билдиришкендей, кармалган жаран өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп тааныштырган.

Белгилүү болгондой, Сузак РИИБине 30 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 4-майга караган түнү саат 02:00 чамасында өзүн кылмыштуу топтун мүчөсүмүн деп тааныштырган жаран 5000 сом талап кылып, мейманкананын бир нече эшиктерин, айнектерин талкалап, 100 000 сомдук материалдык зыян келтиргендигин билдирген.

Бул факты боюнча 206-берене (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон Жалал-Абад шаарынын тургуну - 1994-жылы туулган Н.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12066