Садыр Жапаров Москвага барды. Аны "Внуково-2" аэропортунан ким тосуп алды?
RU

Садыр Жапаров Москвага барды. Аны "Внуково-2" аэропортунан ким тосуп алды?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-майда Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Москвага барды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, мамлекет башчынын учагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна конду.

Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген. Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эске салсак, расмий сапардын алкагында мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, башка орусиялык расмий өкүлдөр менен да жолугушат жана бир катар иш-чараларга катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12092