Садыр Жапаров расмий сапар менен Россияга учуп кетти. Делегациянын курамы
RU

Садыр Жапаров расмий сапар менен Россияга учуп кетти. Делегациянын курамы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Россияга жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой, сапардын жүрүшүндө Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүп жатат.

Өлкө башчылар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары Жапаров 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына катышары айтылды.

Расмий делегациянын курамы:

  • Адылбек Касымалиев - министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;
  • Муратбек Азымбакиев - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Марат Иманкулов - Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • Гульнара-Клара Самат - Кыргызстандын Россиядагы элчиси;
  • Улан Ниязбеков - ички иштер министри;
  • Аскарбек Жаныбеков - айыл чарба министри;
  • Тилек Текебаев - транспорт жана коммуникациялар министри;
  • Данияр Амангелдиев - экономика жана коммерция министри;
  • Кудайберген Базарбаев - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
  • Таалайбек Ибраев - энергетика министри;
  • Нурдан Орунтаев - Бишкек шаарынын вице-мэри.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12085