Надира Нарматова эки акимди кызматтан бошотуу керек дейт
RU

Надира Нарматова эки акимди кызматтан бошотуу керек дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Надира Нарматова эки райондун акимин кызматтан алууну талап кылды. Ал мындай талабын Жогорку Кеңештин 10-майдагы жыйынында айтты.

Эл өкүлү Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери өздөрүнө коюлган милдеттерди аткара албайт жатат деп билдирди.

"Чекит коё турган мезгил келди. Алар ишти аткара албай, райондорду калыбына келтирүүгө (кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттен кийин) бөлүнгөн 500 млн сомду өздөштүрө албай жатышат. Алар тамаша кылып, өздөрүнүн көлөкөсүнөн коркуп отурушат. Элдин көйгөйүн чече албаган акимдердин жоопкерчилигин кароо зарыл. Бул мураска калган кызмат орун эмес да. Ушул эки райондун акими жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүнө кош көңүл мамиле жасаганы, бөлүнгөн акчаны иштетпегени боюнча жүз жолу айтылды. Көчөдөн жетелеп келип, акимди дайындап коюу практикасын токтотуу керек. Баткен элин ыйлатпай, өзү чуркап иштей турган татыктуу адамдар жетиштүү", - дейт Нарматова.

Белгилесек, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, ал эми Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12139