Бишкек-Раззаков аба каттамы жанданат. Учак аптасына эки ирет учат
RU

Бишкек-Раззаков аба каттамы жанданат. Учак аптасына эки ирет учат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектен Раззаков шаарына авиакаттам кийинки аптада кайра жанданат. "Манас" аэропортунан кабарлашкандай, ата мекендик "Тез Жет" авиакомпаниясы 16-майдан тартып, Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ишке ашырат.

Учуулар аптасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Буга чейин учак жумасына бир жолу - ишемби күндөрү каттап турган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12151