Акыйкатчы кызматына Канымбү Карабаева талапкер болду
RU

Акыйкатчы кызматына Канымбү Карабаева талапкер болду

Все самое интересное в Telegram

"Ишеним" фракциясы Кыргыстандын акыйкатчысы кызматына Канымбү Карабаеванын талапкерлигин көрсөттү. Маалыматты Kaktus.media сайтына Жогорку Кеңештеги өздүк булактар билдиришти.

Буга чейин "Альянс", "Ынтымак" фракциялары жана "Келдик" депутаттык топ акыйкатчы кызматына экс-депутат Мирлан Жеенчороевди талапкер көрсөтүшүп, документтерди тармактык комитетке жөнөткөн.

Канымбү Карабаева 1972-жылы Сузак районунун Барпы айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

1993-2000-жылдары - Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгында аппарат жетекчиси, андан кийин шаардык ЗАГСтын башчысы;

2008-2010-жылдары - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын жана Сузак районунун социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы;

2010-2011-жылдары Жогорку Кеңештин юрист-консультанты.

Мындан тышкары Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеген, 2011-жылы Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын өкүлү катары Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болгон.

2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Ишеним" партиясынан ат салышкан.

Эске салсак, 3-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Атыр Абдрахматованы Акыйкатчы кызматынан бошотушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12198