Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз аба каттамдар жанданат
RU

Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз аба каттамдар жанданат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектен Баткенге үзгүлтүксүз авиакаттамдар кайра жанданат. "Манас" аэропортунан маалымдашкандай, аба каттамдар 18-майдан тартып ишке ашырыла баштайт.

Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарын ата мекендик "Тез Жет" компаниясы аткарат. Каттам аптасына бир жолу – бейшемби күндөрү ишке ашырылат.

Белгилесек, "Баткен" аэропорту ушул жылдын 1-апрелинен тартып аэродромдун элементтерин оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12206