Алдамчылыкка айыпталган көп балалуу келин башка иш боюнча кармалды
RU

Алдамчылыкка айыпталган көп балалуу келин башка иш боюнча кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин алдамчылыкка айыпталган Асыл Талипова УКМКнын кызматкерлери тарабынан кайра кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, ички иштер органдары иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, Талипованы УКМКнын кызматкерлери имаратты же курулушту уруксатсыз ээлеп алган же басып алган деген шек менен кармашкан.

Кармалган келин Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Эртең, 13-майда сот анын баш коргоо чарасын тандайт.

Эске салсак, 2021-жылдын октябрь айынын башында алты баласы бар 41 жаштагы жалгыз бой эне Асыл Талипова алдамчылык боюнча айыпталып, СИЗОго киргизилген.

Кийинчерээк Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев, Ленин РИИБнин тергөө бөлүмүнүн башчысы Талгат Куватбеков жана Октябрь РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү Рамазан кызы Айсулуу да ушул эле иш боюнча кармалган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12207