Абакта төрөгөн келин эркиндикке чыкты
RU

Абакта төрөгөн келин эркиндикке чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Карызын төлөй албай 6 жылга соттолуп, СИЗОдо төрөгөн келин бошотулду. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев Kaktus.kg сайтына ырастады.

Маалым болгондой, мындай чечимди бүгүн, 3-мартта Бишкек шаардык сотунун коллегиялык судъялары кабыл алышты.

"Ымыркайы менен камакта отурган келин Бишкек шаардык сотунун өкүмү менен эркиндикке чыкты. Ага карата жазаны аткаруу бала 14 жашка чыкканга чейин токтотулду. Райондук соттун калган өкүмү күчүндө калтырылды.

Мыйзамга ылайык, бала 14 жашка толгондо аял жазаны өтөөдөн бошотулат же жаза жеңилирээк түргө алмаштырылат (Кылмыш-жаза Кодекси 86-беренеси)", - дейт Жоошев.

Эске салсак, 36 жаштагы Аида Исаковага "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Свердлов райондук соту 2022-жылдын декабрь айында аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Кийин айыпталуучунун жактоочусу апелляциялык азыр менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Исакова 15-февралда СИЗОдо көз жарган. 6 жашар баласы бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10650