Мирлан Жеенчороев акыйкатчы кызматына талапкерлигин койбой турган болду
RU

Мирлан Жеенчороев акыйкатчы кызматына талапкерлигин койбой турган болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мирлан Жеенчороев акыйкатчы болууга талапкер болуудан баш тартты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясынын башчысы Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, экс-депутаттын бул кызматка талапкерлигин коюу ниети жок.

"Ал башка пландары бар экенин айтты", - деп түшүндүрдү Акаев.

Эске салсак, акыйкатчы кызматына "Альянс", "Ынтымак" фракциялары жана "Элдик" депутаттык тобу экс-депутат Мирлан Жеенчороевдин талапкерлигин көрсөткөн. Документтер тиешелүү комитетке берилген.

Буга чейин 3-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Атыр Абдрахматованы акыйкатчы кызматынан бошотушкан. Мындай сунушту "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы киргизди. Фракция лидери Бактыбек Сыдыков депутаттар 123-берененин 4-пунктунун 9-бөлүгүн эске алуу менен ЖКнын Регламентинин 122-беренесинин 2-пунктунун негизинде Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууну сунуштаганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12219