Акыйкатчы кызматына башкы прокурордун мурдагы орун басары талапкер болду
RU

Акыйкатчы кызматына башкы прокурордун мурдагы орун басары талапкер болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаева талапкер болду. Анын талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөткөнүн Kaktus.media сайтына бир нече булактар билдиришти.

Жамиля Жаманбаева 1977-жылы Фрунзеде төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1998-1999-жылдары стажёр, Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы;
  • 1999-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы;
  • 1999-2001-жылдары Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасынын прокурорунун улук жардамчысы;
  • 2001-2004-жылдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасынын прокурорунун улук жардамчысы;
  • 2004-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысы, улук тергөөчүсү;
  • 2004-2005-жылдары Бишкек шаарынын прокуратурасынын кылмыштарды тергөөгө көзөмөлдүк кылуу бөлүмүнүн прокуратура жана ички иштер органдарында кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө секторунун прокурору;
  • 2005-2007-жылдары Бишкек шаарынын прокуратурасынын кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн коррупция жана улуттук коопсуздукка кол салуу боюнча кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө секторунун прокурору;
  • 2007-жылы Бишкек шаарынын прокуратурасынын кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору, андан кийин Уюштуруу-укуктук экспертиза башкармалыгынын улук прокурору - Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы;
  • 2007-2011-жылдары Чүй облусунун Сокулук районунун прокурорунун орун басары;
  • 2011-жылы Башкы прокуратуранын Балдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү;
  • 2011-2013-жылдары Токмок шаарынын прокурору;
  • 2013-2016-жылдары Кыргыз транспорт прокуратурасынын прокурору;
  • 2016-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлеринин курамында;
  • 2018-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болгон.

Буга чейин "Ишеним" фракциясы Канымбү Карабаеваны талапкер көрсөтсө, экс-депутат Мирлан Жеенчороев талапкер болуудан баш тартканы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12223