Токмок шаарына жаңы мэр дайындалды. Биографиясы
RU

Токмок шаарына жаңы мэр дайындалды. Биографиясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаарына жаңы мэр дайындалды. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, аталган шаарга Максат Нусувалиев мэр болду.

Белгиленгендей, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы мэрдин резюмеси:

  • Нусувалиев Максат Орозбекович 1984-жылы 30-октябрда Бишкек шаарында туулган.
  • Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.

Билими:

  • 2001-2006-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, финансы жана кредит адиси;
  • 2006-2010-жылдары Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университети, өнөр жай жана граждандык курулуш адистиги боюнча инженер-куруучу.

Эмгек жолу:

  • 2005-2012-жылдары жеке ишкер;
  • 2012-2013-жылдары Каржы министрлигинин Казыналыгынын Биринчи Май райондук бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2013-2015-жылдары "Оомат Сервис" ЖЧКсынын директорунун орун басары;
  • 2015-2016-жылдары Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетектөөчү адиси, башкы адиси;
  • 2016-2019-жылдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын Биринчи Май райондук бөлүмүнүн башчысы;
  • 2019-2020-жылдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары;
  • 2020-жылы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы;
  • 2020-2021-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыктын башчысы;
  • 2021-2022-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги.

Эске салсак, Токмоктун мэри Урмат Самаев 17-апрелде УКМК тарабынан кармалган. Ал "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы туруктуу коррупциялык схемага катыштыгы бар деп шектелип, Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга СИЗОго киргизилген.

Андан кийин ал компенсация катары 25 миллион сом төлөп, СИЗОдон бошотулган. Мындан тышкары, Самаев ээлеген кызматынан кетүү боюнча арыз жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12231