Талас шаарынын мэри алмашты
RU

Талас шаарынын мэри алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Эрмат Джумаев калаа башчы болуп дайындалды. Маалыматты бүгүн, 13-майда президенттин администрациясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык Талас шаарына жаңы мэр дайындалды. Жаңы жетекчини жалпы жамаатка Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары Урмат Айтбаев тааныштырды.

  • Жумаев 1991-жылы туулган.
  • Ага чейин Каракол шаардык "Жашылдандыруу" ишканасында иштеген.
  • 2020-жылдын ноябрь айында Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
  • 2021-жылдын июнь айынан бери Каракол шаарынын мэри болуп иштеп келген.
  • Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн. Эки баланы тарбиялайт.

Ал эми мурдагы Аскар Шабданов 1 жыл 11 ай бою Талас шаарында калаа башчылык кызматты аркалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12233