Саунада кыздар менен эс алган милиция кызматкери иштен айдалды
RU

Саунада кыздар менен эс алган милиция кызматкери иштен айдалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдө милиция кызматкеринин сауналардын биринде интимдик кызмат көрсөткөн кыздар менен эс алган видеосу тарап, кызматтык иликтөө башталган. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу бүгүн, 15-майда маалымат берди.

Чүй ОИИББдин башчысынын 13-майдагы буйругу менен "КРнын ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөөнүн корутундусу чыкты.

Ага ылайык, Ысык-Ата РИИБдин аймактык тескөөчүсү А.Д. кызматынан алынды. Ал эми кызматкерлерге тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн Ысык-Ата РИИБдин жооптуу кызматкерлерине (бардыгы 8 кызматкер) "катуу сөгүш", "сөгүш" тартиптик жазалар жарыяланды.

Ички иштер органдарынын коом алдында кадыр-баркына шек келтирген шалаакы жана абийирсиз кызматкерлерден милициянын катарын тазалоо боюнча ИИМ тынымсыз иш алып барууда.

Эске салсак, 11-майда милиция кызматкери сауналардын биринде интимдик кызмат көрсөткөн кыздар менен жүргөнү тартылган видео тараган. Кийинчерээк окуя 9-майда Ысык-Ата районунда болгону такталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12272