Ошто жүк ташыган айдоочулардан мыйзамсыз акча чогулткан эки ишкана аныкталды
RU

Ошто жүк ташыган айдоочулардан мыйзамсыз акча чогулткан эки ишкана аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда Чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери жемкорлукка шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашып, чек арачылар мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенген эки ишкана менен жең-ичинен сүйлөшүп алган дейт.

"Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жүктөрдү тоскоолдуксуз жана кезексиз өткөрүү үчүн чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери менен системалуу түрдө оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенген "Д" ЖЧКсынын жана "А" ЖЧКсынын мыйзамсыз иштери токтотулду.

Схемага ылайык, аталган ишканалар автотранспорт каражатынын ар бир айдоочусунан кезекке туруу үчүн 1000 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын мажбурлап өндүрүп, анын негизинде "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жүк ташууга уруксат берилип турган. Ошондой эле контейнерлерди жана жабдууларды кайра жүктөө үчүн крандарды 100 долларга берилчү.

Коррупциялык схеманы жоюу боюнча көрүлгөн чаралар жүк ташууну көбөйтүүгө, жүк ташуу наркын төмөндөтүүгө жана жогоруда аталган субъекттер тарабынан жасалма түрдө түзүлгөн монополиялык шарттарды жоюуга мүмкүндүк берди. Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 14 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулду. Чек ара кызматкерлерине карата тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12277