Дмитриевкадагы террористти кармоо операциясы. 2 укук коргоо кызматкери жаракат алды
RU

Дмитриевкадагы террористти кармоо операциясы. 2 укук коргоо кызматкери жаракат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-майда Чүйдүн Дмитриевка айылында ок атышуу болду. Ички иштер министрлигинен террористти кармоо операциясы жүргүзүлүп, куралдуу каршылык болгонун маалымдашты.

Куралдуу каршылыктан улам күч органдарынын эки кызматкери жаракат алды. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.

"Бир кызматкер амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Ал эми экинчиси санынан жаракат алган, Бишкектеги Улуттук госпиталга алып кетишти. Окуя болгон аймакта Чүй облустук "Тез жардам" кызматынын 4 отряды нөөмөттө турушат", - дешти министрликтен.

Белгилесек, террористти кармоо операциясын ИИМ менен УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери жүргүзүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12300