Акыйкатчы кызматына талапкерлердин бири шайлоого катышуудан баш тартты
RU

Акыйкатчы кызматына талапкерлердин бири шайлоого катышуудан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 17-майда Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына талапкерлерди карап жатат.

Аталган кызматка "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобу Жамиля Жаманбаеваны, "Ыйман Нуру" фракциясы Кулира Кубатованы, "Бүтүн Кыргызстан" Бакыт Рыспековдун талапкерлигин көрсөткөн.

Талкуунун алдында Кубатова шайлоо баш тартарын билдирди. Айтымында, ал Жаманбаева менен чогуу иштешет.

"Жамиля Акматбековнанын жарандардын укугун коргоо боюнча тажрыйбасы чоң, мен социалдык тармакта иштегем. Андыктан эки аял биригип, бир жумушту аткарабыз", - деди ал.

Буга чейин экс-депутат Мирлан Жеенчороев акыйкатчы кызматына талапкер болуудан таш тарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12305