Токмокто ата-энелер балдары сабалганын айтышкан. Милиция 3 шектүүнү кармады
RU

Токмокто ата-энелер балдары сабалганын айтышкан. Милиция 3 шектүүнү кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаарында массалык мушташ катталып, аны уюштурган деген шек менен 3 бала кармалды. Чүй ОИИББдин маалыматына караганда, окуя 11-майда катталган.

12-майда Токмок ШИИБине Алга айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал 11-май күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Токмок шаарынын № 1 кичи районунда 2007-жылы туулган Н.А. аттуу баласын белгисиз адамдар уруп, сабаганын айткан. Андан тышкары дагы эки тургун балдары сабалганын айтып арызданышкан.

Аталган фактылар каттоого алынып, 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында массалык мушташты уюштурууга жана ага катышууга шектелип 2005-жылы туулган Ж.Ш., К.И. жана 2007-жылы туулган А.М. аттуу балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12324