Бишкекте соода борборунун жанында мушташкандар изделүүдө. Видео
RU

Бишкекте соода борборунун жанында мушташкандар изделүүдө. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги соода борбордун жанында массалык мушташ катталды. Учурда милиция жаңжалдын катышуучуларын издөөгө алды дешет Биринчи Май РИИБден.

Маалымдалгандай, 15-майга караган түнү саат 01:00 чамасында Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Абдрахманова жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде муштуш болуп жатканы кабарланган.

Жерине ыкчам тергөө тобу барып, эч кимди тапкан эмес. Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Учурда жаңжалдын катышуучуларын аныктоо жана кармоо боюнча амалдар аткарылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12263