Беш лабораториядан текшерилди. "Тойбосс" колбасасынан чочконун ДНКсы табылган жок
RU

Беш лабораториядан текшерилди. "Тойбосс" колбасасынан чочконун ДНКсы табылган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Тойбосс" колбасасынан чочконун ДНКсы табылган жок. Мындай корутундуну көз карандысыз 5 лаборатория чыгарды.

Белгилүү болгондой, "Адал-Азык" ЖЧКсындагы мыйзам бузууларды аныктоо үчүн бир россиялык, эки казакстандык жана эки жергиликтүү ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлорунда экспертиза жүргүзүлгөн.

Жалпы 57 үлгү жөнөтүлүп, алардын бардыгы чочко ДНКсы боюнча терс жыйынтыкты көрсөткөн.

"Биз аброюбузду жана рыноктогу позициябызды сактап калуу үчүн кардарлабыздын ишениминин маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Ошондой эле биз продукцияны адал деп белгилөө менен байланышкан юридикалык жана этикалык милдеттерди билебиз. Ошондуктан, биз халал талаптарына да, колдонулуучу ченемдерге да ылайык келүүнүн жогорку стандарттарына умтулабыз. Азыктарыбызга шек туудурган ар кандай айыптоолор биз үчүн олуттуу жана кылдаттык менен каралат", - дейт "Тойбосс" колбасаларын чыгарган "Адал Азык" ЖЧКсынын директору Мырзабек Орунбаев.

Эске салсак, Кыргызстандан Россияга экспорттолгон адал колбасадан чочконун ДНКсы табылганы маалымдалган.

Компания өндүрүштөгү бардык продукциянын адал стандарттарына шайкештиги текшерилип, тиешелүү сертификаттар бар деп ишендирген. Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы да "Адал азык" ишканасы эч качан өз продукциясына чочко этин колдонбогонун айтып, компаниянын кызыкчылыгын коргогон.

Мындан тышкары, Россельхознадзор сүт, жүгөрү үрөнү жана балыкты экспорттоого чектөө киргизген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12367