"Тойбосстун" колбаса чуусунан кийин 20 экспертиза дайындалган. Беш анализ даяр
RU

"Тойбосстун" колбаса чуусунан кийин 20 экспертиза дайындалган. Беш анализ даяр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Русланбек Жакышов мамлекеттик органдар ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоп жатабы деп кызыкты. Мындай тынчсыздануусун ал Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында билдирди.

"Бул таза тармактардын бири. Силердин министрлик ыкчам чара көрүп, калкты маалымат менен камсыздап, ишканалардын кызыкчылыгын коргошу керек", - деди депутат айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматовго.

Министрдин орун басары чийки зат, татымал жана даяр продукцияга 20 экспертиза жүргүзүлүп жатканын белгиледи. "Беш анализдин жыйынтыгы даяр: алардан чочко ДНКсы табылган жок. Ветеринардык департаментинин жетекчилиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Россияга учуп кетти", - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Кыргызстандан Россияга экспорттолгон адал колбасадан чочконун ДНКсы табылганы маалымдалган. Тактап айтканда, өлкөдөгү эң ири ишканалардын бири – "Адал Азык" ишканасы жана анын "Тойбосс" соода маркасындагы продукциялары тууралуу сөз болгон.

Компания өндүрүштөгү бардык продукциянын адал стандарттарына шайкештиги текшерилип, тиешелүү сертификаттар бар деп ишендирген. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасына "бул маселени кароо өтүнүчү менен расмий кат жөнөтүп, учурдагы кырдаалга өз баасын берип, чындыкты аныктоо үчүн аракет кылууга чакырган. Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы да "Адал азык" ишканасы эч качан өз продукциясына чочко этин колдонбогонун айтып, өндүрүүчүнүн кызыкчылыгын коргогон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11546