Аскар Акаевдин Политехтеги лекциясы болбой калды
RU

Аскар Акаевдин Политехтеги лекциясы болбой калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тунгуч президент Аскар Акаевдин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окулуучу лекциясы болбой калды. Бул тууралуу маалыматты Kaktus.media сайтына аталган окуу жайдын энергетика кафедрасынан тастыкташты.

Кафедрадан билдиришкендей, лекцияны токтотуу чечимин окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаев кабыл алган.

Эске салсак, буга чейин бир катар студенттер Акаевдин университетте лекция окуусуна каршы чыгышкан. Студенттер ректорго кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашты. Кайрылуу текстинде азыркы жаш муун үчүн "Аскар Акаев – коррупциянын, уурулуктун, талкалануунун жана чыккынчылыктын символу" деп айтылган.

18-19-майда Аскар менен Майрам Акаевдер Бишкекте болушкан. Ага чейин Таласта болушкан. Колдо болгон маалыматтарга караганда, биринчи президент Бишкекке Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (Политех) жана Улуттук илимдер академиясында лекция окуу үчүн келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12409