Акыркы коңгуроодо кандай иш-чараларга тыюу салынат? ИИМ эскертүү берди
RU

Акыркы коңгуроодо кандай иш-чараларга тыюу салынат? ИИМ эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, акыркы коңгуроо иш-чарасында коомдук коопсуздуктун камсыздалышы боюнча тапшырмаларды берди. Министр ар бир жетекчи жооптуу болгон региондо комплекстүү иш-мерчемден тышкары, кошумча алдын алуу чараларын уюштуруп, аймактарда жаш өспүрүмдөр катышкан жагымсыз окуяларга, массалык мушташууларга, унаа кырсыктарына, резонанс жараткан фактыларга жол берилбеши керектигин эскертти.

Улан Ниязбеков төмөндөгүдөй тапшырмаларды коюп, жалпы эрежелер аткарылбай, жаш өспүрүмдөр жабыркай турган болсо, өспүрүмдөргө жооптуу болгон адамдарга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлө тургандыгы эскертти.

  • Жаш өспүрүмдөр тарабынан жана аларга карата жасалган кылмыштарды алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иштерди жүргүзүү;
  • Мектеп директорлору, билим берүү жана социалдык бөлүмдөр, ата-энелер комитети, жаштар коому менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай терс окуяларды болтурбоо аракеттерин көрүү;
  • Жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактары аркылуу атайын алдын ала эскертүүлөрдү коомчулукка жеткирүү;
  • Өспүрүмдөргө автоунаа берүүгө болбой тургандыгы, экскурсия, отуруш жана башка ушул сыяктуу майрамдык иш-чараларга тыюу салынганын жайылтуу;
  • Нөөмөт бөлүмдөргө, ыкчам-тергөө топторуна, өспүрүмдөр менен иштеген жана аймактык тескөөчүлөргө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерге сапаттуу нускамаларды өткөрүү;
  • Мектептерде, атайын орто окуу жайларда жана алардын айланасында орнотулган видео-камералардын иштөө шарттарын алдын ала карап, ыкчам иш-чаралар жүргүзүү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12415