25-майга мектептерде акча чогултулбайт. Буйрукка баш ийбеген жетекчи кызматтан кетет
RU

25-майга мектептерде акча чогултулбайт. Буйрукка баш ийбеген жетекчи кызматтан кетет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл Кыргызстанда 25-майда саат 09:00дө "Акыркы коңгуроо" салтанаты өтөт. Тийиштүү буйрукту билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев чыгарганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

"Республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине менчигинин түрүнө карабастан майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө, бүтүрүүчүлөрдүн жана алардын ата-энелеринин катышуусу менен башка иш-чараларды уюштурууга акчалай жана башка жыйымдарды чогултууга тыюу салынат. Коопсуздук чараларын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик салтанаттуу иш-чараны өткөрүү жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт", - деп айтылат министрдин буйругунда.

Маалым болгондой, Бишкек жана Ош шаарларындагы шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына, жооптуу кызматкерлерине күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Ал эми бул буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызматтан алуу менен жазаланары айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12150