Алтынды мыйзамсыз казуу фактысы аныкталып, ишкерлер менен чиновниктерге иш козголду
RU

Алтынды мыйзамсыз казуу фактысы аныкталып, ишкерлер менен чиновниктерге иш козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда алтынды мыйзамсыз казып алуу фактысы катталып, аткаминерлерге жана ишкерлерге иш козголду. Маалыматты Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кабарлангандай, Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдардын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгн. Анда "Чаткал" токой чарбасынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуп, "Э" ЖЧКсы менен 2026-жылдын 15-июнуна чейин ижара келишимин түзгөн. Келишим боюнча Чаткал районундагы "Каратюбе-Бузук" участогунан жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү лицензиясында көрсөтүлгөн 24,07 га жер аянтынын ордуна жалпы 42,9 га жер аянты мыйзамсыз ижарага берилгени аныкталган.

Мындан сырткары "Э" ЖЧКсы алтын кенин иштетүүдө "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуу менен лицензиялык уруксат берилген аянттан тышкары 1,50 га жер тилкесине чыгып, алтын казуу иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келген.

Аталган факты боюнча Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан 337-берене ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 218-берене ("Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш") менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12416