Бишкекте чиновниктер менен зергерлерге иш козголду
RU

Бишкекте чиновниктер менен зергерлерге иш козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында жашыруун зергерчилик цехтеринин ишмердүүлүгү аныкталып, иши токтотулду. УКМКдан билдиришкендей, баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүрткөнгө шектелгендердин арасында мамлекеттик кызматкерлер да бар.

Айрым ишкерлер Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин кызмат адамдары менен жең-учунан сүйлөшүп алышып, мыйзамдарды бузуу менен зергер буюмдарын маркалоонун милдеттүү жол-жобосунан өтпөгөндүгү жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында колго жасалган зергер жабдууларды колдонуу менен мыйзамсыз иштерди жүргүзүшкөнү аныкталган.

28-мартта козголгон кылмыш ишинин алкагында жана сот органдарынын санкциясынын негизинде жашыруун цехтерде зергер буюмдарды жасап жаткан даректерде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жалпы салмагы 2,5 килограммдан ашык алтын жана алтындан жасалган зер буюмдар, 70 килограммдан ашык күмүш жана күмүштөн жасалган зер буюмдар табылды. Бул боюнча тергөө тарабынан 50дөн ашык адам суракка алынды.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарынын чөйрөсүн аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11237