Тергөө абагында ачкачылык жарыялаган активисттердин абалы айтылды
RU

Тергөө абагында ачкачылык жарыялаган активисттердин абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тергөө изоляторунда жаткан айыпталуучулар Шабдан Али, А.К. Айтбаев, М.М.Баязов, А.Н. Бузурманкулов, Атай Бешенбек уулу ачкачылык жарыялашты. Жазаларды аткаруу кызматынан алардын абалдары дурус экенин кабарлады.

Ачкачылык жарыялагандардын койгон негизги талаптары:

  • Атай Бейшенбек уулун айып изоляторунан чыгаруу;
  • Равшан Жээнбеков менен Илгиз Шаменовду мурда отурган абак бөлмөсүнө алып келүү.

"Ачкачылык жарыялагандардын абалы бүгүнкү күндө жакшы. Эч кандай дооматтары жок, суюктук ичип жатышат, кээ бирөөсү аз-аздан тамак жеп башташты. Медицина кызмтакерлеринин тыкыр көзөмөлүндө каралууда.

Ошону менен катар айыпталуучуга тамак-аштан баш тартуу алардын ден соолугуна жана өмүрүнө реалдуу коркунуч туудурары, кайра калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келери түшүндүрүлдү", - дешет мекемеден.

Белгилей кетсек, ЖАКтын администрациясынын 18-майдагы токтомуна ылайык, Атай Бейшенбек уулу 3 күнгө айып изоляторуна киргизилген. 21-майда Айып изоляторунан чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12434