Чычкан капчыгайында жигиттин сөөгү табылган. Шектүү катары эжеси жана курулушчу кармалды
RU

Чычкан капчыгайында жигиттин сөөгү табылган. Шектүү катары эжеси жана курулушчу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чычкан капчыгайында 23 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул туурасында Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБден кылмышка шектүү кармалганын билдиришип, окуя тууралуу буларды айтып беришти.

3-майда саат 09:00 чамасында милицияга билдирүү түшкөн. Анда Чычкан капчыгайындагы кафелердин биринде жигиттин сөөгү секиден табылганы кабарланган. Кийинчерээк жигиттин өлүмүнө шектелип 1991-жылы туулган М.Ж. жана 2003-жылы туулган Ж.Б. кармалган.

Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиришкендей, М. Ж. каза болгон жигиттин бир тууган эжеси болот. Ал эми Ж.Б. алардын үйүндө курулуш иштерин жасап жүргөн. М.Ж. менен Ж.Б`нын ортосундагы интимдик катнаш болгон имиш. Кыздын иниси бул тууралуу ата-энесине айтам деп коркуткан.

"Жигит уктап жатканда өлтүрүлгөн. Анын башына белгисиз нерсе менен бир нече ирет чапкылашкан", - дешет өздүк булактар.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12442