Турак үйлөрдүн сейсмологиялык туруктуулугун текшерген комиссия өз ишин баштады
RU

Турак үйлөрдүн сейсмологиялык туруктуулугун текшерген комиссия өз ишин баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курулуп жаткан имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссия өз ишин баштады. Маалыматты Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бүгүн, 23-майда кабарлады.

Жумушчу комиссия Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан төмөнкү курулуш объектилерине биринчи көчмө текшерүү жүргүздү:

  • Орто-Сай айылындагы контур 5 дарегиндеги "Авангард сити" көп кабаттуу турак жай комплекси жана ага караштуу мектепке чейинки балдар мекемеси, "Авангард Стиль" ЖЧКсы;
  • Токомбаев көчөсүндөгү 15/2 дарегиндеги "Елисей талаалары" жер астындагы автопаркинги менен турак жай комплекси, "Авангард Стиль" ЖЧКсы;
  • Токомбаев көчөсү 15 дарегиндеги жер астындагы автопаркинг менен 14 кабаттуу турак жай комплекси, "Кыргыз Каганат" ЖЧКсы.

Ведомстволор аралык комиссия шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдардын сакталышын, уруксат берүүчү документтердин камсыздалганын, курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышын, курулуш-монтаждоо иштеринин долбоорго ылайыктуулугун текшерет. Ошондой эле курулуш объекттеринде бетондун бекемдиги, арматуранын долбоордук чечимдерге ылайыктуулугу текшерилди.

Министрлер кабинетинин 131-тескемесине ылайык, ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жумуш аяктагандан кийин үч айлык мөөнөттө берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12444