Сот жообуна тартылган БШКнын мүчөсүн депутаттар кызматтан алды
RU

Сот жообуна тартылган БШКнын мүчөсүн депутаттар кызматтан алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары БШКнын соттолгон мүчөсү Акылбек Эшимовду кызматынан бошотту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Комитеттин мүчөлөрү пара алуу үчүн соттолгон БШК мүчөсү боюнча чечимди бир добуштан колдошту.

*****

Экс-депутат, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Акылбек Эшимов 2021-жылы сентябрда кармалган. Ал 2020-жылдын күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо саясий уюмдан депутаттыкка талапкерлердин алдыңкы бештигине кирүү үчүн "Кыргызстан" партиясынан талапкер А.Досалиевден 550 миң доллар алган деп шектелген.

2022-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын эч жакка чыкпоо түрүнө өзгөрткөн. Бирок 26-октябрда Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясы аны ушул "Алдамчылык" беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесине ылайык, үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынган.

2023-жылдын 11-майында Жогорку Соттун соттук коллегиясы Бишкек шаардык сотунун 2022-жылдын 26-октябрындагы өкүмүн күчүндө калтыруу чечимин кабыл алган.

Жыйынтыгында Эшимов күнөөлүү деп табылып, үч жылга пробациялык көзөмөл колдонуу менен беш жылга эркинен ажыратылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12500