10 млн сомду кымырган деген шек менен "Кыргызавтожолдун" жетекчилигине иш козголду
RU

10 млн сомду кымырган деген шек менен "Кыргызавтожолдун" жетекчилигине иш козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлдү. Анда 10 млн 263 миң сомдук бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз которуу жана ыйгарып алуу фактысы аныкталды дешет Башкы прокуратурадан.

Маалым болгондой, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жол башкармалыгынын №32 жол тейлөө мекемесинин башчысы Т.М.М. жана "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын директору К.Р.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2020-2022-жылдар аралыгында "Е." ЖЧКсына бюджеттик каражаттардын эсебинен 24 млн 450 миң сом которушкан.

Бирок көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде аталган подрядчы иш жүзүндө 15 млн 889 миң сомдук гана иштерди аткарган. Мындан сырткары салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен "Е." ЖЧКсы көрсөтүлгөн мөөнөттө 1 млн 702 миң сом өлчөмүндө салыкты жашырып, төлөбөй койгондугу аныкталган.

Натыйжада мамлекетке жалпысынан 10 млн 263 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу"), 339-беренеси ("Билип туруп пайдасыз келишим түзүү"), 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12506