Надира Нарматова армияга барбагандарды чет өлкөгө чыгарбоону сунуштады
RU

Надира Нарматова армияга барбагандарды чет өлкөгө чыгарбоону сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламент жыйынында депутат Надира Нарматова мигрант темасына токтолуп, армияда кызмат өтөбөгөн жаштарды чет өлкөгө чыгарбоо керек деген пикирин айтты. Айтымында, Россиянын аймагында жүргөн айрым мигранттар түрдүү кылмыштар менен абакта (1077 адам) отурат.

"Алардын көпчүлүгү жаштар: 18 жаштан 25 жашка чейинкилер. Курьер болуп иштешип, майда кылмыштар менен кармалып, тагдырлары талкаланды. Ата-энелери боздоп-ыйлап, көрүшө албай, жактоочу жалдайын десе кызматтын баасын төлөөгө күчү да жетпейт экен.

Бүгүнкү күндө бизде жеңил өнөр-жай боюнча иш орундары түзүлгөн, жумушчу күч жетишпей жатат. Ошол эле учурда өзүбүздө иштебей, сыртка чыгып, мигранттардын санын көбөйткөн кыз-келиндер бар. Ушул багытта тиешелүү мекемелер бирдиктүү иш алып барышса. Андан тышкары аскерде кызмат өтөбөгөн жарандарды сыртка чыгарбоо боюнча тапшырма берсеңиздер.

Себеби, күчкө толуп турган жигиттерибиз мамлекетке кызмат өтөбөй, чет өлкөгө чыгып кетип, кор болгон фактылар көп кездешет. Жок дегенде армияда кызмат өтөп, андан кийин бара турган өлкөнүн мыйзамдарын изилдеп, коопсуздугун алдын алса жакшы болот эле", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12512