COVID-19 менен күрөшүү учурунда 107 дарыгер каза болгону расмий айтылды
RU

COVID-19 менен күрөшүү учурунда 107 дарыгер каза болгону расмий айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттык сактоо министрлиги корорнавирус пандемиясында өлкөдө 107 медициналык кызматкер каза болгонун маалымдады.

Илдетти жуктурган дарыгерлердин жалпы саны сегиз миңге жакындаган.

Алардын ичинен 3520 медициналык кызматкерге 629 миллион 579 миң сом кенемте төлөнүп берилди.

Коронавирус Кыргызстанда 2020-жылдын март айында аныкталып, расмий эсепте 206 миңден ашуун адамга жуккан. Анын үч миңдейи каза тапкан. Өлкөдө өзгөчө абал режими 2020-жылдын 22-мартында киргизилип, 2022-жылы 1-ноябрда алынган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча өзгөчө кырдаал режими аяктаганын быйыл 5-майда расмий жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12523