Июндан баштап Анкарадан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат
RU

Июндан баштап Анкарадан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Анкара шаарынан Бишкекке жаңы авиакаттам ачылат. "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттамдар 3-июндан тарта ишке кирет.

Анкара-Бишкек-Анкара багыты боюнча жаңы каттамды түркиялык AnadoluJet авиакомпаниясы жүргүзөт.

Түркиянын борборуна аба каттамдар аптасына 4 жолу – дүйшөмбү, шаршемби, ишемби жана жекшемби күндөрү каттайт. Ал эми 2023-жылдын август айынан баштап каттамдар күн сайын аткарыла баштайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12563