Ысык-Көлдөн Москвага үзгүлтүксүз авиакаттамдар аткарыла баштады
RU

Ысык-Көлдөн Москвага үзгүлтүксүз авиакаттамдар аткарыла баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2-майдан тарта Москва - Тамчы - Москва каттамы боюнча үзгүлтүксүз рейстерди аткарыла баштады. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аба майданынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, каттамды россиялык "Аэрофлот" авиакомпаниясы ишке ашырууда.

"Ал эми "Ысык-Көл" аба майданынан "Шереметьевого" учактар жумасына үч ирет: шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү каттайт", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12183