Футбол. Садыр Жапаровдун командасы жарым финалда утулуп калды
RU

Футбол. Садыр Жапаровдун командасы жарым финалда утулуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Футбол боюнча "Мурас" турниринин финалында саламаттыкты сактоонун өкүлдөрүнүн "Ден-соолук" жана өлкөнүн спорттук федерацияларынын "Спорттук федерациясы" командалары беттешет.

"Ден-соолук" командасы жарым финалда Садыр Жапаров ойногон "Президенттин командасы" менен кез келди. Эки таймдын аягында эсеп 1:1 болуп, пенальтилер сериясы жарыяланды. Пенальтилердин жыйынтыгында 4:1 эсеби саламаттыкты сактоо тармагынын командасы утуп кетти.

Өз кезегинде "Спорттук федерациялар" командасы күч түзүмдөрүнүн "Коопсуздук" командасын 5:0 эсебинде утуп алды.

Турнирде 3-орун үчүн "Президенттин командасы" жана "Коопсуздук" командалары беттешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12580