Эрдоганды Түркиядагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктай башташты
RU

Эрдоганды Түркиядагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктай башташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын учурдагы президенти Режеп Тайып Эрдоганды президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңиши менен биринчилерден болуп Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани куттуктады. Бул расмий жыйынтыктар жарыяланганга чейин болгон.

Эрдоганды жеңиши менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Сомалинин президенти Шейх Хасан Махмуд, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан да куттукташты.

Өкмөтчүл "Анадолу" жана оппозициялык "Анка" агенттигинин маалыматына караганда, добуштардын 90 пайызы саналып бүткөндөн кийин Эрдоган Кылычдароглудан алдыда.

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгы көрсөткөндөй, Эрдоган шайлоонун экинчи айлампасында 52 пайыздан ашуун добушка ээ болууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12587