Режеп Тайып Эрдоган алдыда келе жатат. Түркияда президенттик шайлоо аяктады
RU

Режеп Тайып Эрдоган алдыда келе жатат. Түркияда президенттик шайлоо аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуш берүү расмий аяктаганын шайлоонун жыйынтыгы менен тааныштырган сайт билдирди.

Шайлоочулардын катышуусу тууралуу биринчи маалымат болжол менен үч сааттан кийин, ал эми жыйынтыктар боюнча маалымат жергиликтүү убакыт боюнча түн ортосуна чейин (Бишкекте саат үчтө) чыгышы күтүлүүдө.

Шайлоого катышуу үчүн 64,1 миллиондон ашык шайлоочу катталса, алардын 1,92 миллиону чет өлкөлөрдө алдын ала добуш берген.

Түркиянын жарандары өлкөнүн жаңы президентин тандап жатышат. Экинчи турда атаандаштар азыркы мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган жана оппозиция лидери Кемал Кылычдароглу болду.

Бишкек сааты боюнча 23:00гө карата бюллетендердин 98% саналып бүткөнүн Hot Telegram каналы жазды.

Анда алдын ала эсептөөлөр боюнча Режеп Тайып Эрдоган 52,12% алып, алдыда экени айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12583