Садыр Жапаров Эрдоганды кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады
RU

Садыр Жапаров Эрдоганды кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Режеп Тайып Эрдоган 50%дан ашык добуш менен жаңы мөөнөткө кайра шайланды. Аны жеңиши менен Садыр Жапаров да куттуктады.

"Урматтуу бир тууганым Режеп Тайып Эрдоган! Сизди президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.

Түркия эли сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти.

Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем", - дейт Жапров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12591