Түркиянын борбордук шайлоо комиссиясы Эрдогандын шайлоодогу жеңишин жарыялады
RU

Түркиянын борбордук шайлоо комиссиясы Эрдогандын шайлоодогу жеңишин жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында бюллетендердин 99%дан ашыгын саноонун жыйынтыгы боюнча, азыркы мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган жаңы мөөнөткө кайра шайланды. Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши (БШК) билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Эрдоган 52,14% добушка ээ болууда. Анын атаандашы, оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86% добушуна ээ болду.

БШКнын төрагасы Ахмет Йенердин айтымында, азыркы президентти колдоп 27 миллион 513 миң 587 шайлоочу, Кылычдароглу үчүн 25 миллион 260 миң 210 шайлоочу добуш берген.

Эрдоган жекшемби күнү Стамбулда өз тарапташтарына кайрылып, өзүнүн жеңишин жарыялаган. Кылычдароглу шайлоонун жыйынтыгы боюнча кайрылуусунда добуш берүүнү акыркы жылдардагы эң адилетсиз деп атап, бирок жеңилгенин түздөн-түз моюнга алган жок.

Буга чейин кээ бир дүйнө лидерлери Эрдоганды кайра шайланышы менен куттуктай башташкан. Алардын арасында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Сербиянын президенти Александр Вучич, Россиянын президенти Владимир Путин, Украинанын президенти Владимир Зеленский, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Катардын эмири Тамим, Бен Хамад Аль Тани жана башкалар.

Режеп Тайып Эрдоган 2014-жылдан бери Түркиянын президенти. Ага чейин 2003-жылдан бери өлкөнү премьер-министр катары жетектеп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12589