Равшан Жээнбековдун кайненеси президент менен УКМКнын төрагасына кайрылды
RU

Равшан Жээнбековдун кайненеси президент менен УКМКнын төрагасына кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын апасы президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

90 жаштагы Рахима Алимбаеванын кайрылуусун Archa media YouTube-каналына жарыялады. Рахима Алимбева Жапаров менен Ташиевге өз апаларын эстеп, башкалардын энелерине да урмат көрсөтүүнү суранат.

"Айланайын, президент, Камчы эмнеге ушундай акыбалга алып келдиң? Мен 8 баланы тарбиялагам, баатыр энемин. Тамеки талаасында иштеп, балдарымды окуттум, чоңойттум. 90 жашка келип калдым, эми жакшылыгын көрөм дегенде ыйлап калдым. Бул эмне деген шумдук? Күйөө балам Равшанымды камадың, андан кийин кызымды камадың. Эмне болду анчалык? Кыргызстанда мындай нерсе болгон жок эле го. Менин кызым саятсатка аралашпай, балдарды багуудан бошогон жок. Равшаным чыксын, кызым чыксын, чыгаргыла! Ырайым кылгыла. Силерди да ата-эне өстүргөн, силер да карыларды көргөндүрсүңөр, сыйлагандырсыңар. Мени да сыйлагыла, мага кыйын болду", - дейт көзүнө жаш алган Алимбаева.

Белгилесек, 25-майда УКМКнын кызматкерлери Салкынай Алимбаеваны кармашкан. Маалыматка ылайык, ал Бишкектеги жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп шектелүүдө.

26-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Салкынай Алимбаеваны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал 24-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12597