Баткенде жаңыдан түптөлгөн "Максат" чек ара заставасынын имараты сүрөттөрдө
RU

Баткенде жаңыдан түптөлгөн "Максат" чек ара заставасынын имараты сүрөттөрдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткендеги "Максат" чек ара заставасынын имараты жаңыдан түптөлүп, 28-майда салтанаттуу ачылды. УКМКдан кабарлашкандай, жаңы имарат бардык шарттар менен заман талабына шайкеш деңгээлде жакшыртылган.

Кечээ, 28-майдаУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Максат" чек ара заставасын ачылыш аземине катышып, имараттын жана бөлүктөрдүн абалы менен таанышып чыкты.

Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фельдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жай, мончо сыяктуу эң зарыл болгон шарттар каралган.

Алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн абалы эске алынып, кызматтык үйлөр да камсыздалган, балдар үчүн ойноочу аянтча да бар.

Камчыбек Ташиев чек ара кызматынын өкүлдөрү жана жоокерлер менен бирге тамактанып, жакындан баарлашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12600