Эки басмакана Кыргызстандын мамлекеттик документтерин, бланктарын басып чыгарат
RU

Эки басмакана Кыргызстандын мамлекеттик документтерин, бланктарын басып чыгарат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы "Типография" мамлекеттик ишканасы менен "Учкун" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанидеги документтерин жана атайын мамлекеттик бланктарын даярдоого ыйгарым укук берилди. Бул туурасында Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Белгиленгендей, аталган басмаканалар Кыргызстанда жүгүртүүдөгү мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесине ылайык документтерди жана бланктарды басып чыгарышат.

Тиешелүү чечим өкмөттүн 29-майдагы жыйынында айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12619