Украина Москвага учкучсуз учактын чабуулуна катыштыгы бар экенин четке какты
RU

Украина Москвага учкучсуз учактын чабуулуна катыштыгы бар экенин четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шейшемби күнү эртең менен Москвага жасалган учкучсуз учактын чабуулу үчүн Россия Украинаны күнөөлөп, эки адам жарадар болуп, бир нече имаратка зыян келтирилгени айтылууда. Бул тууралуу CNN жазып чыкты.

Анда Москвадагы мындай окуя бир-эки жолу болуп жатса, Киевдин тургундары ушул айда 17 жолу аба соккусуна туш болушканы айтылат.

Түндө Украинанын борбору Россия тарабынан бомбалоолорго дуушар болуп, расмий маалыматтарга караганда, кеминде бир адам набыт болгон.

Шейшембиде Москвада кеминде үч турак жай дрондордон жабыркаганын Россиянын мамлекеттик маалымат агенттиги РИА Новости ыкчам кызматтарга жана тургундарга таянуу менен билдирди. Бул факты боюнча Россиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.

Москванын мэри Сергей Собянин аба соккусунан олуттуу жабыркагандар болбогонун, натыйжада "кичине кыйроолор" болгонун жана окуя болгон жерге тез жардам кызматы барганын билдирди. Собянин кийинки билдирүүсүндө тергөөчүлөр жабыркаган көп кабаттуу үйлөр боюнча иштерди бүтүргөнүн жана эвакуацияланган тургундар жакын арада үйлөрүнө кайтып келе аларын кошумчалаган.

Украина шейшембиде Москвага учкучсуз учактын чабуулуна түздөн-түз тиешеси жок экенин билдирди.

Басылманын маалыматында өткөн жылдын февраль айында Москва Украинага масштабдуу басып киргенден бери орус жергесинде бир нече инциденттер болду. Негизги салгылашуулардын көбү Украинанын аймагында жүрүп жатканы айтылат.

Эске салсак, ушул айдын башында Кремль Путинге кол салуу аракети болгонун жарыялаган. Росси тарап бул кол салууга Украинаны айыптаган.

Киев бул айыпты кескин түрдө четке каккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12650