Кремль Путинге кол салуу аракети болгонун жарыялады
RU

Кремль Путинге кол салуу аракети болгонун жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-майга караган түнү эки украиналык учкучсуз учак Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына кол салууга аракет кылган. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

""Аскердик жана атайын кызматтар тарабынан радиолокациялык согуш тутумдарын колдонуу менен өз убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында учактар жарактан чыгарылды. Жабыркагандар жана материалдык чыгым болгон жок", - деп Кремль билдирди", -деп жазды РИА Новости басылмасы.

Кремль Владимир Путин кол салуудан жабыркаган эмес, анын иш тартиби өзгөрбөгөнүн билдирди. Докладда ошондой эле орус тарап "өзүнө ылайыктуу болгон жерде жана качан жооп кайтаруу чараларын көрүү" укугун өзүнө калтыраары айтылат.

Россия бийлиги Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына учкучсуз учактын чабуулун "пландалган террордук акт жана Россия Федерациясынын президентинин өмүрүнө кол салуу" катары баалоодо.

"Биз бул иш-аракеттерди пландалган террордук акт жана Россия Федерациясынын президентинин өмүрүнө кол салуу катары баалайбыз, бул Жеңиш майрамынын, 9-май парадынын алдында, ага чет элдик коноктордун катышуусу да пландалганда жасалды", - деп айтылат маалыматта.

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, учкучсуз учак менен кол салуу болгон учурда Путин Кремлде болгон эмес. 3-майда орус президенти Москванын жанындагы Ново-Огарево резиденциясында иштеп жаткан, деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12028