Асман шаарын курулушуна июндун аягында старт берилет. Президент каржы булактарын айтты
RU

Асман шаарын курулушуна июндун аягында старт берилет. Президент каржы булактарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров кечээ, 30-майда Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирди.

"Аталган шаар 4 миң гектар аянтка курулуп, 500-700 миңдей адам жашайт. Дүйнөлүк инвесторлорду топтоп келип салдырганы жатабыз. Кыргызстандан бир тыйын акча короткон жокпуз. Анткени шаар сала турган акчабыз да жок. Аксакал, көксакалдар, бийлик өкүлдөрү отурасыздар, жаштар барып алып шаар куруучулардан миллион долларларды сурабасын. Ошондой инциденттер болбосун, балдарга айткыла, тарбиялагыла, мээсине куйгула. Караңгычылыктан чыгышыбыз керек. Тескерисинче сырттан келген инвесторлорго шарт түзүп, бөпөлөп, алакан салып турушубуз зарыл. Колдон келишинче жардам берели", - деди өлкө башчы.

Эске салсак, 2021-жылы президенттик администрация Ысык-Көлдө 500 миң адамга ылайыкташкан инновациялык Асман шаарын куруу пландалып жатканын билдирген.

Бийлик Асман шаары Кыргызстандын экономикалык жана туристтик борборуна айланарын айтып келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12657