"Мен аны эртең алып кетем?" Чынында, баланын ата-энеси табыла элек
RU

"Мен аны эртең алып кетем?" Чынында, баланын ата-энеси табыла элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ 12-апрелде, 3-кичирайондун №19 үйдүн жанындагы балдар аянтчасынан табылган баланы алып кетише элек. Бул тууралуу бүгүн Kaktus.media редакциясына Октябрь ИИБсинин басма сөз кызматы маалымдады.

Милиция берген маалыматка ылайык, баланы убактылуу "Дом малютки" балдар үйүнө жайгаштырышты. Учурда ата-энесине издөө салынды.

"Баланын апасы табылды, деп социалдык тармакка чыккан маалымат туура эмес. Бул маселе боюнча милицияга эч ким байланышка чыга элек, - деп милициянын басма сөз кызматы билдирди.

  • Балдар аянтчасында азият улутундагы болжол менен эки жашар бала табылган.
  • Социалдык тармактарга, баланын апасы милиция менен байланышып, туалетке кетип калып, адашып кеткенин айтып, баланы эртең келип алып кете тургандыгын билдирди, -деген маалымат тарап жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1265