Эрдоган Садыр Жапаровду инаугурациясына чакырды
RU

Эрдоган Садыр Жапаровду инаугурациясына чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда өлкө башчы кесиптешин куттуктаганын президенттин администрациясынан билдиршти.

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош түрк элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Өз кезегинде Түрк президенти жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровду инаугурация аземине чакырды.

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-түрк эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12696