Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун эки тараптуу сүйлөшүүсүндө эмнелер талкууланды?
RU

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун эки тараптуу сүйлөшүүсүндө эмнелер талкууланды?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-июнда Ысык-Көлдө президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун эки тараптуу сүйлөшүүсү өттү. Малыматты Kaktus.media сайтына президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев тастыктады.

Кийинчерээк президенттин администрациясы эки тараптуу сүйлөшүдө мамлекеттик чек ара маселеси талкууланганын билдиришти.

"Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин, аймактык жана эл аралык күн тартибинин артыкчылыктарын талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчылары акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын, ишенимдин негизинде алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты.

Өлкө лидерлери эки өлкө ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн ырастап, бардык пайда болгон маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу өтүп жатат. Ага Тажикстандын президенти да катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12723